Баткен регионалдык башкармалыгында антикоррупциялык иш-чара болуп өттү

Batken region
Баткен регионалдык башкармалыгында антикоррупциялык иш-чара болуп өттү

2023-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгы ошондой эле Баткен регионалдык башкармалыгынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы биргеликте коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында тегерек стол болуп өттү.

КРнын Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Д Какешов, КРнын Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин ички иликтөө секторунун башчысы Самидин уулу Сагын катышышты.

Баткен регионалдык башкармалыгынын башчысы А.Г.Маматалиев тегерек столду жетектеп, бир катар маанилуу делген маселелер каралды. Иш-чарага башкармалыктын бардык кызматкерлери дагы катышты. 

Тегерек столдун алкагында  жер казынасын пайдалануучу ишкерлер менен биргеликте *Коррупцияга каршы аракеттенүү аспектилери  талкууланды жана башкы максаты болуп,  Кыргыз Республикасынын коррупцияга  каршы айрым ченемдерин түшүндүрүү экени аныкталды. 

Борбордук аппараттан келген коноктор, коррупцияга каршы  жол бербөө боюнча активдүү жарандык позицияны калыптандырууга чакырып, ошону менен катар баардык кызматкерди өз иштерине так болууга коррупцияга алдырбоо жагын да белгилешти.