Бишкекте автоунаалардагы катализаторлорду текшерүү аркылуу экологияны жакшыртуу аракеттери башталды
20-february 2025, 14:45

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору, Бишкек шаары жана Аламудун району боюнча регионалдык башкармалыгы ,Биринчи май райондук милициянын кызматкерлери , жана Салык кызматы , ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору, менен биргеликте Бишкектин Кудайберген автоунаа базарында катализаторлордун сатылуусун жана сатылып алынганын текшеришти.
Акыркы жылдары Бишкек шаарындагы абанын булганышы жогорку деңгээлде турганы белгилүү. Анын негизги себептеринин бири – автоунаалардан чыккан уулуу газдар. Буга чейин айрым унаалардын катализаторлору жок же иштебей тургандыгы экологияга терс таасир берип жатканын көрсөтүүдө.
Бул иш-чаранын максаты – автоунаалардагы катализаторлордун маңыздуулугун түшүндүрүү жана калкты бул маселеде маалыматтандыруу болду. Мындан сырткары, текшерүү учурунда катализаторлордун иштебей тургандыгы абага 30-35% уулуу заттардын бөлүнүп чыгышына алып келерин көрсөттү. Бул заттар экологияга терс таасирин тийгизүүдө жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирет.
Экологиялык жактан
Автоунаалардын катализаторлору абага чыккан уулуу заттарды азайтууга көмөктөшөт. Эгер катализаторлор иштебесе же жок болсо, автоунаалардын чыгаруучу түтүнү калк үчүн олуттуу көйгөйгө айланат. Биз калкка унааларындагы катализаторлорду текшерип, аларды оңдоп турууга чакырабыз. Бул иш чара экологиянын жакшыртылышына жана таза абанын түзүлүшүнө жардам берет.