Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Naryn region
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Нарын регионалдык башкармалыгы

2023-жылдын  10-Декабрынан тартып 25-декабрына чейин Нарын регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары бөлүмүнүн кызматкерлери, "Илбирс-Фонду" коомдук фондунун жана Германиялык табиятты коргоо союзу "NABU" коомдук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын кызматкерлери менен биргеликте Нарын облусунун аймагында жаратылышты коргоо, мыйзамдарды бузуу фактыларын алдын алуу жана аларды аныктоо максатында күчөтүлгөн тартипте ыкчам рейдтик иш чараларды жүргүзүшүүдө.

Жүргүзүлгөн рейдтик иш чаранын жыйынтыгында  Нарын районунун Кара Кужур өрөөнүнөн аталган айылдын эки жараны мыйзамсыз эки баш коен олжолоп алганы , Кочкор районунан 1 баш кекилик олжолоп алган жаран, Нарын районунун Достук айылынан эки баш оложолоп алган коен менен аталган айылдын эки жараны,  Аксай өрөөнүнөн убактылуу жашап жаткан жарандын вагонунун ичинен болжолдуу Тоо Текенин эти катылып турган жеринен табылган. Ак Сай өрөөнүнөн дагы бир жарандан мыйзамсыз эч кандай уруксаат кагазы жок сайлуу ок атуучу куралы алынган, тергөө амалдарын жүргүзүү максатында топтолгон материалдар Ат Башы РИИБне өткөрүлүп берилди. Жыйынтыгында жалпысынан 50 000 сом айып пул салынып жапайы жаныбарлар объектилерине келтирилген зыян үчүн  122 000 сом доо коюлду.