"Кан-Ачуу" мамлекеттик жаратылыш паркында административдик имарат салынды
28-december 2023, 17:27
Jalal-Abad region

ГЕФ-ПРООН долбоору тарабынан парктын административдик имаратынын 26-декабрьда ачылышы болду. Ачуу аземине Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору М. С. Аманкулов жана Тогуз-Торо районунун администрация башчысы аким М. М. Манапбаевдар катышты.