Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиевдин Жаңы жылдык куттуктоосу!
31-december 2024, 13:13

Кадырман кыргызстандыктар! Барыңыздарды кирип келе жаткан 2025 Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден өзүмдүн жана жалпы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атынан куттуктайм!
Өтүп жаткан 2024-жыл мамлекетибиздин ѳнүгүүсүнүн бардык чѳйрѳсүндѳ Кыргызстан үчүн, ошондой эле ар бир жараныбыз үчүн маанилүү окуяларга мол болду. Анын ичинде биздин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги дагы көп ийгиликке жетишти.
Экология тармагы боюнча
- Айлана-чөйрөнү жакшыртуу жана токойлорду азыркы жана келечек муундар үчүн сактоо максатында, Жашыл Мурас улуттук кампаниясынын алкагында, 2024-жылы жалпысынан 8 млн. 147 миң бак-даракдардын көчөттөрү отургузулду.
- Абанын сапатын жакшыртуу боюнча системдүү иш аракеттеринин негизинде, жалпы газдаштыруу иштери 40 пайызга жетип, Бишкек шаары менен Чүй облусу боюнча 31 миңден ашуун кожолуктар газга туташтырылды жана Бишкек шаарындагы 55 отказан жаратылыш газында иштеп жатат. Бишкек шаарында абанын сапаты лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен бир нече эсе жакшырганы аныкталды. Дүйнөлүк Банк тарабынан өлкөдөгү абанын сапатын жакшыртуу долбооруна 50,0 млн. АКШ доллары бөлүнүп, Долбоорду ишке ашыруу иштери жүрүүдө.
- БУУнун климаттын өзгөрүшүн алдын-алуу багытында Бакуда өткөн КОП29да улуттук павильон уюштурулуп Кыргызстан үчүн маанилүү делген бардык жолугушуулар павильондо өткөрүлүп, Биотүрдүүлүктү сактоо конвенциясынын 16-чы Конференциясында министрлик Кыргызстандын атынан катышып, биринчи жолу аталган бюронун мүчөсү болду.
- .Борбор Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп Ысык-Көл облусунун курорттук-реакрациялык зонасынын аймагында, өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарда полимердик пленка баштыктарды жана бир жолу колдонулуучу желим буюмдарды жүргүртүүгө чектөө киргизилди. 2027-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын баардык аймактарында тыюу салынат.
Геология тармагы боюнча
- 2024-жылдын башындагы жалпы алтындын запасы 847 тонна болгон, 182.5 тонна өсүштү эске алуу менен, запастардын болжолдуу баасы 80 млрд. АКШ долларын түзөт.
- Бишкек шаарында “МАЙНЕКС Борбордук Азия Кыргыз Республикасында” 10-чу эл аралык форуму болуп өттү. Форумдун алкагында геология тармагын өнүктүрүү багытында бир нече Макулдашууларга кол коюлду.
- 2024-жылды жер казынасын пайдалануу багытында бир нече кен чыккан жерлер изилдене баштады. Ак-Түз, Борду, Кашка, Делбек, Түтөк кендерии чалгындалууда;
- Кызыл-Омпол, Кутессай-2, Ункурташ, Тоголок долбоорло башталды.
- Чалгындоо жана долбоорло иштери активдуу журуудо:
- Кумтөр бизге өтүшү менен экономикага 4,5 млрд долларлык мультипликативдик эффект берди, натыйжада ченемдик алтын куймаларын чыгарган завод ишке кирди.
- “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бул жылдын чоң ийгилиги деп, “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына 1,0 млрд сом бөлүнгөндү айта кетсек жаңылышпайбыз., Бүгүнкү күндө болжол менен 712 млн. сом өздөштүрүлдү. Полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу максатында төмөнкү атайын 67 техникалар алынды.
- “2024-жылдын 7-июнунда “Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасынын заманбап жаңы имараты ачылды. 60-тан ашык элементтерди камтыган рудаларды текшерүүдө 85 жыл компетенттүүлүгүн үзгүлтүксүз көрсөткөн жалгыз лаборатория. 70 тен ашык өнүккөн өлкөлөрдө 43 миң лабораторияны камтыган ILAC эл аралык аккредитациялоо уюмунун мүчөсү.
- Экологиялык жана техникалык көзөмөл боюнча
Жалпы экологияга зыян келтирген фактылар боюнча 968 текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 807 акт түзүлдү. Жалпы суммасы 22 332 000 сомго айып пул салынды.
2025-жылы жогоруда айтылган багыттар боюнча иштер уланып, мындан дагы алгылыктуу ийгиликтерге жетишебиз деп терең ишенем.
Жаңы 2025-жыл жаркын кесиптик ийгиликтердин, жаратман жигердүү иштердин, бейпил тынчтыктын жана бакубаттыктын жылы болуп, өлкөбүз адилеттүүлүктүн жана мыйзамдуулуктун негизинде гүлдөп-өсө берсин. Кайратман элибиз жана эгемен мамлекетибиз үчүн тынчтыктын, элдердин биримдигинин, сүйүктүү ѳлкѳбүздүн гүлдѳп ѳсүүсүнүн жылы болсун!
Сиздерге жана үй-бүлѳңүздѳргѳ чың ден-соолук, кесиптик жана жеке мүдѳѳңүздѳрдүн ишке ашышын, бакубат турмуш жана бак-таалай каалайбыз! Мекенибизде тынчтык, өнүгүү өкүм сүрүп, ар бир үйдө бакубатчылык токчулук ырыскы береке арта берсин.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин министри М.А.Машиев.