Кыргызстанда Климаттын өзгөрүүсү боюнча Улуттук форум Алкактык конвенция БУУнун тараптарынын 28-конференциясынын алдында өттү
10-november 2023, 17:57

Кыргызстанда Климаттын өзгөрүүсү боюнча Улуттук форум Алкактык конвенция БУУнун тараптарынын 28-конференциясынын алдында өттү.
Бишкек, Климаттын өзгөрүүсү боюнча Улуттук форум Кыргызстанда 2023-жылдын 10-ноябрында өттү.
Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (БУУФКК) 28-конференциясына (COP-28) жолугушуусун утурлай ѳткѳрүлүүдѳ. Бул маанилүү иш-чара климаттын глобалдык өзгөрүүсүнүн көйгөйлөрүн талкуулоо жана натыйжалуу чечимдерди табуу, министрликтер менен ведомстволордун, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана жарандык коом институттарынын позицияларын координациялоо үчүн маанилүү аянтча болуп эсептелет.
Кыргызстандын Президентинин жана Өкмөтүнүн климаттык убадасын аткарууга берилгендигин ырастоо менен, 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралитетинин концепциясы иштелип чыкты жана эмиссияларды кыскартуу боюнча иш-аракеттердин негизги механизми катары Улуттук аныкталган салымды ишке ашыруу планы (УКК) даярдалды. жана климаттын өзгөрүшүнө көнүү жана биздин өлкө климаттын өзгөрүшүнүн көптөгөн таасирине дуушар болууда.
Орточо температуранын жогорулашы, жаан-чачындын азайышы, тез-тез жана катуу кургакчылык, табигый кырсыктардын коркунучунун күчөшү жана башка чакырыктар коомчулукту ойлондурбай койбойт.
Форумда катышуучулар Кыргызстандагы климаттык өзгөрүүлѳрдүн учурдагы абалын жана бул өзгөрүүлөрдүн өлкөнүн экологиялык, социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин талкуулашты. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана анын кесепеттерин жоюуга багытталган стратегияларды жана иш пландарды иштеп чыгуу форумдун маанилүү милдети болуп эсептелинет.
Форум көп секторлуу, бириктирүүчү аянтча болуп саналат. Өкмөттүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атынан министрдин биринчи орун басары М.Маметов, министрдин орун басары А. Раимкулова, климат менен иш алып баруу бѳлүмүнүн башчысы А. Бариевалар катышты.
ПРООН, Юнисон Групп, Жашыл Альянс менен биргеликте кызыкдар тараптардын активдүү катышуусунда уюштурулган. Иш-чаранын алкагында климаттын өзгөрүшү маселесин андан ары изилдөө, ар түрдүү пикирлерди жана идеяларды чогултуу, ошондой эле COP-28 позициясы үчүн конкреттүү сунуштарды жана чечимдерди иштеп чыгуу үчүн панелдик сессиялар, презентациялар жана өз ара аракеттенүүнүн башка формалары форумдун алкагында талкууланды.
Климат боюнча бир катар акциялар жана талкуулар менен бирге Климаттын өзгөрүшү боюнча Улуттук форумду өткөрүү көп деңгээлдүү талкууларды бирдиктүү платформага чогултуп форумдун негизги максаттарынын бири Кыргызстандын жана бүтүндөй аймактагы климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйлөрүнө коомчулуктун, өкмөттүн жана эл аралык уюмдардын көңүлүн буруу, ошондой эле КОП-28 боюнча улуттук позицияны түзүү болуп саналат.