Мыйзамсыз таштанды жайларын ирээтке келтирүү иштери
08-january 2024, 13:37

КРнын жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын Ош облусунун аймагындагы баардык айыл өкмөттөргө, шаарларга Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүнүндө” мыйзамынын 42-беренеси, Кыргыз Республикасынын “Суу жөнүндө” Мыйзамындагы 4, 7, 13, 44, 46, 47, 49, 54 –беренелери, Кыргыз Республикасынын “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” мыйзамынын 4, 8, 9 беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 114, 115-беренелеринин талаптарына ылайык айыл аймактарындагы, суу жээктериндеги, токойлордогу, жайыт ж.б.у.с жерлердеги чар-жайыт төгүлгөн таштандыларды тез арада тазалап, тургундарга жана жеке менчик ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп дайыма катуу көзөмөлгө алынышын, Ошондой эле бүгүнкү күндө таштанды таштоочуу жайдын укук берүүчү документтери, жайгаштырылган калдыктардын жылдык көлөмү жана жогоруда көрсөтүлгөн жумуштардын аткарылгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды берүү боюнча 2023-жыл ичинде Ош шаардык мэриясына караштуу муниципалдык аймактык башкармалыктарга 20 кат, Өзгөн районундагы 19 айыл өкмөт, 1шаарга жалпы 60 кат, Ноокат районундагы 17 айыл окмот, 1 шаарга 57 кат, Кара-Суу районундагы 16 айыл окмот, 1 шаарга 58 кат, Араван районундагы 8 айыл окмотко 24 кат, Алай районундагы 14 айыл окмотко 29 кат, Кара-Кулжа районундагы 12 айыл өкмөткө 12 кат берилген.
Берилген көрсөтмөлөрдү аткарбагандыгы үчүн Ноокат районундагы Жаны-Ноокат айыл өкмөтүн, Көк-Бел айыл өкмөтүн Ноокат райондук прокуратурасына, Ноокат Тазалык ишканаына №004401 текшерүү актсы жазылып, №004354 сандуу предписанияны аткарбагандыгы үчүн №21-03-052-01-1-000101 сандуу пртокол түзүлүп 28000 миң сом айып салынды, Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтү берилген каттагы көрсөтмөлөрдү аткарбагандыгы үчүн Алай райондук прокуратурасына чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди. Араван районундагы С. Юсупов айыл өкмөтүнө №0000004401 сандуу текшерүү актсы жазылып, №000014 сандуу предписания жазылып, аткарбагандына байланыштуу чара көрүү үчүн Араван райондук прокуратурасына өткөрүлдү, Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн “Мырзаке тазалык” ишканасына №004413 сандуу тешерүү актсы, №004363 сандуу предписания жазылып берилген көрсөтмөлөр аткарылды.