Ош регионалдык башкармалыгында антикоррупциялык иш-чара болуп өттү
24-november 2023, 14:27

Кыргыз Республикасынын Президентинин Оштогу өкүлчүлүгүндө, Жаратылыш ресурстары экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте коррупцияга каршы күрөшүүнүн алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, ички иликтөө секторунун башчысы жана башка адистери, Ош регионалдык башкармалыгынын жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Оштогу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда коррупцияга каршы аракеттенүү аспектилерин талкуулап, кызматкерлерди коррупциянын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатындагы жыйын болуп өттү. Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы айрым ченемдерин аткарылышы боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Коррупцияга каршы иш чаралар процессинде коррупцияга жол бербөө боюнча активдүү жарандык позицияны калыптандыруу максатында, жеке мыйзамдарды жана коррупциянын алдын алуу боюнча ченемдерди түшүндүрүп беришти.
Ошондой эле, катышуучуларга жана Жаратылыш ресурстары экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлигине караган Оштогу бардык кызматкерлеринин арасында, чынчылдык жана ак ниеттик менен иш алып барууну жана коррупцияга жол жок деген принципте иштөөгө чакырды. Бул жыйын Жаратылыш ресурстары экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлигинин демилгеси менен ѳткѳрүлдү.