Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
02-november 2023, 16:37
Chuy region

Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы кырсыкты алдын алуу максатында 2023-жылдын 2-ноябрында, Бишкек шаарынын Аламудун жана Ленин райондорунда суюлтулган газды (пропан) автоунаа менен сатууну токтотуу максатында рейд жүргүзүлдү. Рейд учурунда Көк-Жар айылында Штыбаев Б.С. №273 AND, Арча-Бешик конушунда Джаркымбаев У. № Б 4948 ФД, Юсупов М. №839 АJT автоунаалары менен газ сатып жаткан жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, сатууга тыйуу салынып, жазуу түрүндө эскертме берилди.