Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
21-november 2023, 16:13

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору тарабынан 21.11.2023ж. саат 11:00 чамасында Тоголок Молдо-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде түтөп бара жаткан автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык кызматынын Бишкек шаардык регионалдык башкармалыгына кабар келип түшкөн. Башкармалыктын инспекторлору автоунааны жеринен түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибор менен текшергенде нормадан ашыкча болуп чыгып, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин” 234 беренесине ылайык 7 500 сом айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары министрлиги Бишкек шаарынын айдоочуларын жана конокторун абанын абалын жакшыртуу үчүн автотранспорт каражаттарынан зыяндуу заттардын ашып кетишин жоюу боюнча өз убагында чараларды көрүүгө чакырат.