Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
12-june 2024, 10:14
Issyk-Kul region

ЖРЭжТКМ Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери жана NABU-Кыргызстандын мыйзамсыз аңчылыкка каршы “Барс Тобу”нун кызматкерлери менен биргеликте 2024-жылдын 11-июнунда, Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүнө рейд жүргүзүлүп, рейдтик иш-чаралардын жүрүшүндө жаратылыш мыйзамдарын бузган жаран аныкталып, тактап айтканда жапайы тоо эчкини мыйзамсыз олжологон Жети-Өгүз районунун тургуну кармалып 100 000 сомдук доо коюлуп. Чогултулган материалдар жана ок атуучу куралдары кошумча иликтөө үчүн Жети-Өгүз РИИБнө өткөрүлүп берилди.