Тик-ток социалдык тармагына жарыяланган Фрунзе заводу боюнча

Chuy region
Тик-ток социалдык тармагына жарыяланган Фрунзе заводу боюнча

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине  караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы, Тик-ток социалдык тармагына жарыяланган “Смог, шаардын борбору завод Фрунзе” аттуу “Фрунзе” заводунун  ичинде жайгашкан металл цехиндеги металл эритүү учурунда  кара болуп чыккан түтүндүн видео материалынын негизинде жеринен карап чыгып  төмөнкүлөрдү билдирет.  

Жогорудагы видеодо көрсөтүлгөн цех “Металлопрокатный завод им. Фрунзе” ЖЧКна таандык экендиги аныкталды. Азыркы учурда ишкана токтоп турат. 

Башкармалык тарабынан  Экономика жана коммерция министирлигине, бул ишкананы пландан тышкары текшерүү үчүн жолдомо жөнөтүлдү жана жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.