Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Жаратылыш ресурстары, экология жара техникалык көзөмөл министри М. Тургунбаевдин куттуктоосу

Chuy region
Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Жаратылыш ресурстары, экология жара техникалык көзөмөл министри М. Тургунбаевдин куттуктоосу

Заманыбыздын залкар жазуучусу, Кыргыз эл баатыры, көөнөргүс талант, көркөм сөздүн устаты Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай жана ошондой эле 95-жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары , экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин эмгек жамаатынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! Ар бирибиздин жүрѳгүбүздѳ Айтматов жашайт, анткени ал улуу инсандын чыгармалары бизге гана эмес, бүтүндѳй дүйнѳ жүзүнѳ белгилүү.

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча,  чыгармалары эң көп тилдерге которулуп, китеп болуп чыккан Шекспир менен Толстойдон кийинки дүйнөлүк классик.  Айтматовдун китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, жер шарынын 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан. Мисалы, жазуучунун «Жамийла» повести ондогон тилдерге которулган. Немец тилинде гана бул повесть 37 жолу кайра басылып чыкты.

"Айтматовдун чыгармалары бүткүл дүйнөгө таанымал, анын повесттери жана романдары дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн катарында турат. Ал биздин доордун эң көп окумдуу жазуучуларынын бири". Доорубуздун көрүнүктүү гуманисти катары ал адилеттүүлүктү жана адамдын абийирин даңктаган.

"Анын даанышман ойлору, китептери, идеялары дайым биз менен. Татаал жана ыкчам өзгөрмөлүү дүйнөдө бизге руханий компас катары дайыма келечекке жол багыттайт".

Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук адабият үчүн эле эмес улуттук искусствонун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин тийгизди.