Жаратылыш ресурстары, министрлиги “Омега Уголь” ЖЧКсы боюнча фб колдонуучу Кылычбек Капаровдун суроолоруна жооп берет
29-september 2023, 16:30

"Омега Уголь" ЖЧКсына 2022-жылдын 1-июлунда № 7158 СЕ сандуу лицензиясы 2042-жылдын 1-июнуна чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан “Загара” кен чыккан жеринин Батыш бөлүгүндөгү №3 участкасына көмүр кенин казууга берилген.
2022-жылдын 15-мартында №1729 протоколу менен мамлекеттик баланска 2036.6 миң тонна көмүр кени коюлган.
"Омега Уголь" ЖЧКсына 7158 СЕ лицензиясынын негизинде көмүр кенин казууга лицензиялык келишими 2022-жылдын 9-ноябрында берилген.
“Загара” кен чыккан жеринин Батыш бөлүгүндөгү №3 участкасына көмүр кенин казууга болгон техникалык долбоордун негизинде көмүрдү казуу көлөмү 2022-жылга 2000 тонна, 2023-жылдан кийин ар жылга 5000 тонна көмүр казуу бекитилген.
2022-жылга тапшырылган жылдык отчет боюнча "Омега Уголь" ЖЧКсы “Загара” кен чыккан жеринин Батыш бөлүгүндөгү №3 участкасында көмүр кенин казган эмес.
Ал эми, 2023-жыл ичинде жүргүзгөн көмүр кенин казуу иштери боюнча 2023-жылдын жыйынтыгы менен “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде кийинки жылдын 31-январына чейин тапшырган жылдык отчетунун негизинде билинет.
2023-жылдын 1-кварталында көмүр казып алуу 2,3 тонна, үстүнкү тектер-13,8 мин м² түзүп, эсептөөлөр жүргүзүлүп төлөм берилген.
1. Атмосферага булгоочу заттарды чыгаруу- 1904,0 сом;
2.Айлана-чөйрөгө таштандыларды таштоо- 3270772,0 сом.
Жалпы: 3 271 724 сом
2023-жылдын 2-3 кварталына карата Ош регионалдык башкармалыгынын Көзөмөлдөө-текшерүү кызматына нормативдик төлөмдөр боюнча малыматтар “Омега Уголь” ЖЧКсы тарабынан берилген эмес.