2023-жылдын 19-декабрында Министр М. Ж. Тургунбаев менен Европарламенттинин өкүлү Томаш Здеховский менен жолугушуусу болуп, анда Кыргызстан үчүн актуалдуу экологиялык маселелер, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн ортосундагы мындан аркы кызматташуунун келечеги талкууланды
21-декабрь 2023, 15:01

2023-жылдын 19-декабрында Министр М.Ж.Тургунбаев менен Томаш Здеховский жетектеген Европарламенттин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анда Кыргызстан үчүн актуалдуу экологиялык маселелер, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн ортосундагы мындан аркы кызматташуунун келечеги талкууланды .
Бишкек шаарындагы түтүн жана абанын сапатынын көйгөйлөрүнө жана аны жакшыртууга багытталган мүмкүн болгон чараларга, өзгөчө көңүл борбор калаага бурулду. Министр М.Тургунбаев белгилегендей, министрлик тарабынан абаны тазалоо, жана булгануу деңгээлин азайтуу боюнча тиешелүү иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда министрлик Кыргызстандын ири шаарларында дени сак жана таза абага жана экологияга жетишүү үчүн зарыл болгон иштерди улантууга жана дагы көбүрөөк күч-аракет жумшоого даяр экенин билдирди.
Тараптар бул жолугушуу Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы мамилелерди чыңдоодо маанилүү кадам болгонун баса белгилеп, ошондой эле экологиялык туруктуулукту жана коомдун бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн ар тараптуу кызматташууну жана тажрыйба алмашууну мындан ары өнүктүрүү ниетин билдиришти.