Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердиги
17-январь 2024, 16:57

15.01.2024-жылдагы Ош облусунун Ноокат районундагы аймактык ооруканасынан чыккан саркынды суулардын чар жайыт агып, жагымсыз жагдайды жаратып жаткан фактылар жөнүндө “Turmush.kg” сайтына чыккан макала боюнча, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы төмөнкүдөй мазмуунда маалымат берет.
16.01.2024-жылы, Кызматтын Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы А. Исмаилов, башкы инспектор А. Мамыраимов, улук инспектор Ж. Эсенбаев жана инспектор Э. Мирзалиевдер болуп, Ноокат-Араван райондор аралык ОААжМСЭКБнун башкы дарыгери жана Н. Орозалив жана Ноокат районунун аймактык ооруканасынын директору Д. Токторова менен биргеликте, Ноокат аймактык ооруканасынын саркынды сууларын топтоочу жайына барып кароо иштери жүргүзүлдү.
Натыйжада, аталган ооруканасынын пайдалануудан чыккан саркынды суулар үчүн атайын саркынды топтоочу жайлардын жетишсиздигинен жана жараксыз абалга жеткендиктен, аталган топтоочу жайдан саркынды суулар толгон мезгилде, оорукананын аймагына агып, айлана чөйрөгө терс таасирин тийгизүү коркунучунда тургандыгы аныкталды жана ордунда комиссиялык жазма акт түзүлүп, тез арада саркынды суулардын ашып кетүүсүн алдын алып, убагында тазалап алып чыгаруу иш чараларды күчөтүүнү, саркынды сууларды топтоочу жайдын айланасын убагында залалсыздандыруу иштерин жүргүзүүнү жана толуп жараксыз абалга келген саркынды топтоочу жайды калыбына келтирүү иш чараларын жүргүзүү боюнча аталган оорукананын жетекчилигине сунуштар берилди.
Ошондой эле, аталган саркынды сууларды тазалап, чыгарып туруу үчүн атайын саркынды соруучу Камаз автоунаасы менен Ноокат шаарынан 60км аралыктагы Ош шаарынын мэриясына караштуу “Ош сууканал” муниципалдык ишканасынын саркынды топтоочу (очистное сооружение) жайына ташып турган. Бирок, азыркы күндө “Ош сууканал” МИ менен келишими жок болгондугуна байланыштуу ташуу жагы токтотулган.
Негизинен бул маселе боюнча, 2022-2023-жылдары көтөрүлүп, жыйынтык чыкпай келет.
Себеби, Кызматтын Ош регионалдык башкармалыгы Ноокат районунун аймактык ооруканасынын жетекчилигине 2022-жылдын 28-декабрында септике топтолгон сууларды өз убагында тийиштүү мекеме менен келишим түзүп ташуу боюнча кат берилген.
Ушундай эле билдирүү кат 2023-жылдын май айларында дагы жиберилген.
Ноокат районунун аймактык ооруканасынан маселени жөнгө салууну жана саркынды сууларды ташуу маселеси жаралып жаткандыгы тууралуу 17.10.2023-жылы №267/1 каты менен жообу келген.
2023-жылдын 27-ноябрында саркынды суулар айлана чөйрөгө терс таасирин тийгизгендиги аныкталгандыктан, ордунда №21-03-052-01-1-000159-протоколу түзүлүп, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” жөнүндөгү Кодексинин 236-беренесинин негизинде Ноокат районунун аймактык ооруканасынын директору Д. Токторовага 28000 сом айып салынган.
2023-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кңешинин депуттарынан турган комиссия, жеринде көрүп саркынды суулар топтолуучу жай куруу үчүн 14 млн сом бөлдүрүп берүү жагы каралган. Бирок азыркы күндө саркынды суулар топтолуучу жай калктуу конуштун ичинде жайгашкандыгына байланыштуу экологиялык жана санитардык нормага туура келбегендиктен уруксат берүү иштери токтоп турат.