2023-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Министри М. Ж. Тургунбаев Корея Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министри Ва Жин Хан башында турган Корея Республикасынын делегациясы менен жолугушту

Чүй өрөөнү
2023-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Министри М. Ж. Тургунбаев Корея Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министри Ва Жин Хан башында турган Корея Республикасынын делегациясы менен жолугушту

2023-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Министри М.Ж. Тургунбаев Корея Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министри Ва Жин Хан башында турган Корея Республикасынын делегациясы менен жолугушту.


Жолугушууда климаттын өзгөрүшү жаатындагы биргелешкен демилгелер жана парник газдарынын эмиссиясын кыскартууга багытталган аракеттер сыяктуу маселелер талкууланды.

Министр М.Ж. Тургунбаев кореялык тарапка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Климаттын өзгөрүшү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашууну кароонун тиешелүү жол-жоболорун аяктоо үчүн биргелешкен күч-аракеттерди багыттоону сунуштады жана ошондой эле баса белгиледи. Бул келишимге кол коюу эки тарапка тең жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана парник газдарынын, суу ресурстарын эффективдүү башкаруу маселелери талкууланды.  Жыйынтыгында кореялык тарап Корея Республикасында суу ресурстарын пайдалануу боюнча эффективдүү экологиялык саясатты ишке ашырууну камсыздоо боюнча өзүнүн механизмдери менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди.


Жолугушуунун жыйынтыгында КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Корея Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.