Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердиги
19-январь 2024, 09:28

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы экологиялык абалды жакшыртуу жана кара түтүн менен күрөшүү боюнча ыкчам чечимдерди жана кечиктирилгис чараларды кабыл алуу максатында жана Экологиялык техникалык көзөмөлдөө кызматынын буйругунун негизинде 2024-жылдын 18-январында Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыктын инспекторлору Бишкек шаарынын мэриясынын Корктондурууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте жеке менчик мончо, сауналардын таштандыларын өрттөө боюнча рейд жүргүзүштү.
Рейдттик иш-чарада 6 мончо Бишкек шаарынын Биринчи май районуна караштуу тыюу салынган заттарды өрттөө предметине карата текшерилди. Текшерилген объектилерде мончолорду жылытуу үчүн көмүр колдонулат, эреже бузуулар табылган жок.
Андан сырткары өз алдынча таштандыга таштабастан, желимдерди кайра иштетүүчү чарба субъектерине келишим менен өткөрүү боюнча жана жарандардан резина, пластмасса, тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын жана башка тыюу салынган буюмдарды өрттөөгө, мончолордо, сауналарда жана жеке менчик үйлөрдө калдыктарды өрттөөгө жол бербөө максатында эскертмелер берилди.
Белгилей кетсек, өндүрүш калдыктарын, резина,пластмасса,тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын жана башка буюмдарды белгиленбеген жерлерде өрттөө Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан укук бузуулар жөнүндө Кодекстин 115-беренесине ылайык айып салууга алып келет.