Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы “Эл чечет” Коомдук бирикмесинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 026 сандуу  Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы Алма-Ата көчөсүнүн № 252 дарегинде жайгашкан “Салих ЛТД” ЖЧКсынын аймагында жагымсыз жыт чыгып жатат деген кайрылуусунун негизинде, төмөндөгүдөй маалымат берет. Башкармалыктын инспекторлору Экологиялык мониторинг департаменти менен пландан сырткары текшерүү жүргүзүшүп ошонун алкагында орун алган бузууга Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 230-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, 230 эсептик көрсөткүчү менен штраф салынды. Ар дайым жай тургундардын кайрылуусуна ыкчам түрдө аракеттер көрүүлөрүнө жана 0554 434202 шыр байланыш номери аркылуу, экологияга зыян алып келген көрүнүштөргө кайдыгер карабаган жарандар менен кызматташууга Башкармалык даяр экениндигин билдирет.