Абанын булганышы боюнча министрлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар
27-сентябрь 2023, 12:24

• Абанын булганышы боюнча Жаратылыш ресурстар министрлигинин аткарып жаткан иштери боюнча Спутник Кыргызстан маалымат агенттигине министрлик Бишкек Аламүдүн регионалдык башкармалыгынын жетекчиси Н. Шаршеев айтып берди.
• Шаардагы желдетүүнү жакшыртуу максатында Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээгин иштетүүгө тыюу салуу сунушталууда, жана буга чейин дарыялардын жанында курулган көп кабаттуу үйлөр бузулбаарын ,
• мындан ары дарыялардын жана көлмөлөрдүн жанында курулуштарга тыюу салуу сунушталууда.
• Ошондой эле Бишкектиктерди коомдук транспортко өтүүгө же жөө жүрүүгө чакырабыз. Кыргызстандагы баардык унаалардын дээрлик үчтөн бири Бишкекке туура келет (1,5 миллиондун 450 миңи). Баардык унаалар көчөгө чыкса, тыгын маселеси чечилбейт: “Бишкек анча чоң эмес, жөө жүрүүгө болот”.
• Унаалар тыгында калганда көп зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат баары асфальтка орнойт, биз аны менен дем алабыз жол тыгындарын азайтуу үчүн мектеп автобустарын ишке киргизүү пландалууда.
• Бишкекте күйүп жаткан көмүрдүн зыяндуу булганышын азайтуу үчүн Кара-Кечеде байытуучу завод курулат. Курулуш болжол менен 2 жылга созулат
• Бир сутка ичинде Бишкек шаарындагы текстиль өнөр жайынын калдыктары 80 тоннаны түзөт, абаны булгабаш үчүн күйгүзүүчү атайын жабдууларды алып келишкен, ал Бишкектеги таштанды таштоочу жайга орнотулган.