Ведомстволор аралык комиссиянын актуалдуу маселелери

Чүй өрөөнү
Ведомстволор аралык комиссиянын актуалдуу маселелери

2025-жылдын 27-февралында министр М.Машиевдин жетекчилиги астында иштин негизги багыттары боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйында атмосфералык абаны коргоону күчөтүү максатында чийки көмүрдү сатууну мамлекеттик жөнгө салуунун чектөө чараларын кабыл алуу, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун калктуу конуштарын газдаштырууну жеңилдетилген каржылоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелери каралды.

Ошондой эле, техникалык тейлөө станцияларына жана автомобилдик катализаторлорду сатып алган жана саткан адамдарга карата жоопкерчилик чараларын колдонуу жана  коомчулукка  түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.

Министр М.Машиев айрым жетишкендиктер жана жыйынтыктар үчүн чечкиндүү чараларды көрүүнүн, ошондой эле келерки жылытуу мезгилине даярдык иштерин күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү, башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да жогорудагы маселелерди тез арада чечүүгө даяр экендиктерин билдиришти.