Беш-Арал мамлекеттик коругу – Чаткал өрөөнүндөгү уникалдуу жаратылыш аймагы
10-март 2025, 11:21
Жалал-Абад өрөөнү

Беш-Арал мамлекеттик коругу – Чаткал өрөөнүндөгү уникалдуу жаратылыш аймагы, анын аянты 1120 чарчы чакырымды түзөт. Бул жерде 46 түрдүү сүт эмүүчүлөр жана 150 түрдөгү канаттуулар, анын ичинде сейрек кездешкен Мензбир суурлары жашайт. Флорасы 1500дөн ашуун өсүмдүк түрүн камтыйт, алардын 30у Кызыл китепке киргизилген. Баркырак жана Арап участокторунун егерлери жаратылышты коргоо максатында биотехникалык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп турушат.
Фотоматериалдар егерлердин күнүмдүк иштеринин бир гана бөлүгүн чагылдырат. Алар жаратылыштын абалын көзөмөлдөө, жаныбарларды каттоо, сейрек кездешкен түрлөрдү коргоо жана экосистеманы сактоо боюнча иш алып барышат.