Бишкекте автоунаалардын катализаторлорун текшерүү боюнча рейд өттү

Чүй өрөөнү
Бишкекте автоунаалардын катализаторлорун текшерүү боюнча рейд өттү

Бишкек шаарынын Кудайберген автоунаа базарында катализаторлорду текшерүү боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү. Ага Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыктын инспекторлору, Биринчи май райондук милициянын кызматкерлери , жана Салык кызматы , ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлорунун өкүлдөрү катышты.

Рейддин жүрүшүндө 10 автоунаа текшерилип, айдоочуларга атмосфералык абаны коргоо жана экологиялык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, мурда колдонулган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын  Кыргызстандан чыгарууга тыюу салуу тууралуу маалымат берилди.

Ишкерлер Россияда өндүрүлгөн катализаторлорду сунуштоодо. Рынокто катализаторлордун эки түрү бар: 

1. Темир катализатору: өндүрүлгөн жери -Россия, баасы-10 000 сом. 

2. Керамикалык катализатор: өндүрүлгөн жери -Россия, баасы — 8 000 сом. 

Катализаторлор экологияны жакшыртууда жана экологиялык эрежелерди сактоодо маанилүү роль ойнойт.

Мындай иш-чаралар абанын булганышын азайтуу жана экологиялык нормалардын сакталуусун камсыз кылуу үчүн маанилүү.