Дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнүндө - браконьерликке каршы күрөшүүчүлөрдү сыйлоо аземи
03-март 2025, 12:36

Бишкекте 11-жолу өлкө боюнча браконьерликке каршы күрөшкөн егерь , аңчы адистерин жана жарандарды сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, «Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan» коомдук фонду Snow Leopard Trust (SLT), UKAID, Woodland Park Zoo, Toronto Zoo, KCS Pacific Foundation жана Whitley Fund for Nature уюмдарынын колдоосу менен уюштурулду.
Программа ишке киргенден бери 136 егерь , анчы адис жана жаран мыйзамсыз аңчылыкты токтотууга кошкон салымы үчүн сыйланган. Бул жылы 27 жаңы окуя катталып, 27 адам сыйлыкка татыктуу болду. Алар мыйзамсыз атылган тоо эчкилерин жана ак илбирсти коргоп, контрабандалык курал-жарактарды тартып алышкан.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгы, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын мүчөлөрү катышты. Ошондой эле, иш-чаранын өтүшүнө Элдик Банк колдоо көрсөткөндүгүн белгилеп кетүү зарыл.
Сыйлыкка ээ болгондор – бул браконьерликке каршы күрөшүүдө өз өмүрүн тобокелге салып, жаратылышты коргогон егерь, анчы адис, инспектор жана активисттер. Алардын аракетинин натыйжасында жүз миңдеген сомдор өлчөмүндөгү айып пулдар өндүрүлүп, мыйзамсыз аң уулоо учурлары токтотулду.
«Жаран-Егерь» программасы – бул жапайы жаратылышты коргоо үчүн эмгектенген адамдарды колдоого жана сыйлоого багытталган демилге. Уюмдашкан аракеттердин аркасында Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү жаныбарлардын саны сакталууга жана көбөйүүгө мүмкүнчүлүк алууда.
Бул демилге мындан ары да уланып, жапайы жаратылышты коргоо боюнча иш-аракеттер күчөтүлөт. Жан – жаныбларды, айлана-чөйрөнү сактоого салым кошууну каалагандарга эшик ачык!