Бишкек шаарында жана Чүй облусунда атмосфералык абаны жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын он төртүнчү отуруму

Чүй өрөөнү
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда атмосфералык абаны жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын он төртүнчү отуруму

2024-жылдын 30-октябрында Жаратылыш ресурстары министрлигинде министр М.Машиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын он төртүнчү отуруму болуп өттү, ага министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жана орун басарлары, ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин орун басары Р.Г. Алиев катышты

Отурумдун жүрүшүндө ВАКтын мүчөлөрү аткарылган иштер жана буга чейинки протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалымдашты, ошондой эле ВАКтын мүчөлөрү тарабынан атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга багытталган жаңы тапшырмалар берилди. Газпром, Айыл Банк жана Элдик банк туруктуу негизде калк арасында жаңы конуштарды газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жана жаратылыш газына кошулуучу үйлөрдүн санын көбөйтүшсүн. Жыл башынан бери Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча 52 турак жай конушу газдаштырылды, Бишкек шаарында 29 699 абоненттин ичинен 21 095 үйдүн отканалары газга кошулду.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясы жана жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы атмосферага булгоочу заттарды чыгаруунун нормасынан ашкан унааларды аныктоо боюнча рейдттик иш-чараларды күчөтүү.

Отчеттук мезгилде рейддик иш-чаралардын планы түзүлүп, биргелешкен аракеттер менен бекитилди. 59 иш-чара өткөрүлүп, 1380 унаа текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесинин негизинде “автотранспорт каражаттарын жана башка кыймылдаткычтарды булгоочу заттардын ашыкча бөлүп чыгаруусу менен пайдалануу” боюнча 56 протокол түзүлүп, 559 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынган.

Бишкектин атмосфералык абасын жакшыртууга Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн 50 миллион долларды ишке ашыруу башталганы тууралуу Министр М.Машиев маалымат берди. Турак жайларды газдаштырууну улантуу, автомобиль катализаторлорун сатууга бөгөт коюу механизмин иштеп чыгуу жана массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда түшүндүрүү иштерин күчөтүү тууралуу  кошумчалады.