Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Жайыл районунун Кара-Балта шаарында атмосферага зыяндуу заттарды чыгаруунун жол берилген чегинен ашкан автотранспортторду аныктоо боюнча кезектеги рейддер өткөрүлдү. Автоунаалардын түтүнүндөгү булгоочу заттардын түтүнүн жана концентрациясын аныктоочу аппараттын жардамы менен 15 кичи автобус жана 10 оор жүк ташуучу унаа сыноодон өткөрүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгы айдоочуларды абанын абалын жакшыртууга жана пайдаланылган газдардын курамындагы зыяндуу заттардын ашыкчасы бар транспорт каражаттарын айдоого жол бербөөгө жана ошондой эле автотранспорт тарабынан атмосферага булгоочу заттарды чыгаруунун ченеминен ашып кеткен учурда КР ЖКК 234-статьясына ылайык жеке адамдарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23000 сом айып салынаарын эскертет.