Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
15-ноябрь 2023, 16:52

Экотехкѳзѳмѳл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан, “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо” жаатында, 2023-жылдын 9-ноябрынан 14-ноябрына чейин, ыкчам рейдтик иш-чаралар жүргүзүлүп, тѳмѳндѳгү мыйзам бузуу фактылары аныкталды.
2023-жылдын 09-ноябрында, Ноокен райондук ИИБнүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам рейд уюштуруу учурунда, Нарын дарыясынын Ак-Суу участкасында белгисиз жарандар тарабынан балык уулоо үчүн синтетикалык торлор орнотулгандыгы аныкталып, орнотулган 100 метр чамасындагы синтетикалык торлор дарыядан алынып, мыйзам чегинде жок кылынды.
2023-жылдын 14-ноябрь күнү, Токтогул балык чарба департаменттинин кызматкерлери менен биргеликте, Токтогул суу сактагычында балык запастарын коргоо боюнча ыкчам рейд жүргүзүү учурунда, көлдүн үстүндө орнотулган ар кандай диаметрдеги 1800 метр синтетикалык торлор жыйналып алынып, жараксыз абалга келтирилди, андан сырткары мыйзамсыз балык уулап жүргѳн 3 жаран кармалып, актылар түзүлүп, алардын ар бирине 5500 сомдон айып пулдар салынды. Жалпы салынган айыптын суммасы 16500 сомду түздү.
https://www.youtube.com/shorts/AmwsKQcgn3o