Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
02-ноябрь 2023, 16:35

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы Тикток интернет булагына чыккан Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Башкара-Суу айылындагы жайгашкан “Илина Групп” ЖЧКсынын аймагында катуу түтүн чыгып жатат деген кайрылуусунун негизинде, төмөндөгүдөй маалымат берет. Башкармалыктын инспекторлору пландан сырткары текшерүү жүргүзүшүп ошонун алкагында орун алган бузууга Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 230-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, 280 эсептик көрсөткүчү менен штраф салынды. Ар дайым жай тургундардын кайрылуусуна ыкчам түрдө аракеттер көрүүлөрүнө жана 0554 434202 шыр байланыш номери аркылуу, экологияга зыян алып келген көрүнүштөргө кайдыгер карабаган жарандар менен кызматташууга Башкармалык даяр экениндигин билдирет.