Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
26-декабрь 2023, 13:49

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспектору Кадыралиев Т., жана Курманалиев А Кемин райондук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылын жөнгө салуу кызматы менен биргеликте Кемин шаарында (Быстровка) рейд өткөрүштү. Рейддин жүрүшүндө автомобилдердин булгоочу заттардын түтүнүн жана концентрациясын аныктоого мүмкүндүк берүүчү прибордун жардамы менен 15 кичи автобустар, 5 жеңил унаалар текшерилди. Профилактикалык инструктаждар өткөрүлдү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгы транспорт каражаттары тарабынан атмосферага булгоочу заттарды чыгаруунун нормасы ашып кетсе, КР кодексинин 234-беренесине ылайык жеке жактарга 7500 сом, ал эми юридикалык жактарга 23000 сом айып салынат деп билдирет.
Башкармалык айдоочуларды абанын абалын жакшыртуу жана санкцияларды болтурбоо үчүн чыккан газдагы зыяндуу заттар нормадан ашкан транспорт каражаттарын айдабоого чакырат.