Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
10-ноябрь 2023, 17:26
Чүй өрөөнү

Чүй облусундагы мончолордо рейдтик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспектору билдирди. Белгилей кетсек, алар Чүй облусундагы экологиялык абалды жакшыртуу максатында өткөрүлүп жатат, мончо ээлерине тыюу салынган буюмдарды (резина, пластмасса, тигүү калдыктары ж.б.) өрттөбөө тууралуу 11 билдирүү берилип, газга өтүү сунушталды. Эскерте кетсек, бул тыюу салынган заттар өрттөлсө 7,5 миң сомдон 23 миң сомго чейин айып пул салынат.