Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Жалал-Абад өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин “Атмосфералык абаны коргоо боюнча” иш-чараларды жүргүзүүнү күчѳтүү жѳнүндѳгү протоколдук тапшырмалары  аткарууга алынып, экологиялык жана техникалык кѳзѳмѳл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан тѳмѳндѳгүдѳй ыкчам иштер аткарылды.

Иш-чаралардын жүрүшүндѳ, Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев айылынын күн батыш тарабында жайгашкан, “Жагалмай” ишканасынын асфальт чыгаруучу заводунун чаң, газ тазалоочу орнотмосу жок,  атмосфералык абага зыяндуу ыш-түтүндөрдү чыгарып жаткандыгы аныкталып, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуу” кодексинин 230 беренесинин  негизинде 28000 сом айып салынды. Аталган багытта иш-чараларды жүргүзүү дагы уланат.