Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган ишканаларга 4 жолу айып салынып, жалпы суммасы 67 000 сом болгон.

Алардын бири «Ысык-Ата» мекеме-санаторийине сууну булгануудан жана бүтөлүп калуудан сактоо боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн 236-беренеге ылайык 28 000 с.

Токмок шаарындагы «Ис-Саби» жоопкерчилиги чектелген коому Битум сактоочу жайга 28 миң сом өлчөмүндө айып салынды. 230-статьясына ылайык атмосферага булгоочу заттарды чыгаруунун тартибин бузгандыгы үчүн.

Ошондой эле 2 жеке ишкерге жалпы суммасы 11 000 мин  өлчөмүндө 5500 сом айып салынган.

Бул текшерүүлөрдүн баары пландан тышкаркы текшерүүнүн алкагында, б.а., жарандардын арызы боюнча жүргүзүлгөн.

Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын Чүй облустук башкармалыгы абанын булганышы же башка жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктасаңыз 0707 466 225 номуруна кайрылууну өтүнөт.