Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
14-ноябрь 2023, 13:42
Нарын өрөөнү

Экологиялык билимдерди, айлана-чөйрөнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча маалыматтарды жайылтуу аркылуу экологиялык агартууну Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыктын инспекторлору жүзөгө ашырып жатышат. 2023-жылдын 14-ноябрь күнү Кочкор районунун инспектору Р.Суранчиев Көк Жар айлындагы Т.Усубалиев орто мектепте экологиялык агартуу иштерин жүргүздү.