Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Чүй районунун ички иштер башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө кызматы менен биргеликте  “Абанын экологиялык абалын жакшыртуу жана ыш менен күрөшүү буйругунун негизинде рейд жүргүзүлдү. Рейдтин жүрүшүндө оор жүк ташуучу микроавтобустар, женил унаалар түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибордун жардамы менен текшерилип, профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы эскертет эгерде транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн  абага зыяндуу заттары нормадан ашкан болсо, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесине ылайык  жеке жактарга 7500 сом, ал эми юридикалык жактарга 23000 сом айып салынаарын белгилейт.