Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Жалал-Абад өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Абанын экологиялык абалын жакшыртуу жана ыш менен күрөшүүнү күчөтүү максатында, Экотехкѳзѳмѳл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бѳлүмү менен биргеликте, “дымомер” аппараттарынын жардамы менен, автоуналардан атмосфералык абага чыгарылган түтүндөрдүн зыяндуулугун аныктоо боюнча ыкчам иш чара жүргүзүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө, Жалал-Абад шаарынын аймагында жүргөн оор жүк ташуучу автоунаалар текшерилди, түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибор нормадан ашыкча көрсөткөн жок. Айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.