Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
19-декабрь 2023, 11:17

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын 2023-жылдын 26-сентябрындагы №92-ОД сандуу “Абанын экологиялык абалын жакшыртуу жана ыш менен күрөшүү боюнча буйругунун негизинде, 2023-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө кызматы менен "атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" биргелешкен иш-чаралардын бекитилген планынын алкагында кезектеги рейд жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө 15 микроавтобус жана жүк ташуучу автоунаалар текшерилди, текшерүүнүн жүрүшүндө, түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибор нормадан ашыкча көрсөткөн жок.
Айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан ары транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар улантылат. Эгерде транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттары нормадан ашкан болсо Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 234-беренесине ылайык 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат. Бишкек шаарынын айдоочуларын жана конокторун абанын абалын жакшыртуу үчүн автотранспорт каражаттарынан зыяндуу заттардын ашып кетишин жоюу боюнча өз убагында чараларды көрүүгө чакырат.