Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
13-ноябрь 2023, 14:52
Чүй өрөөнү

Чүй облусундагы мончолордо рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Рейддерди Чүй аймактык экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, алар Чүй облусундагы экологияны жакшыртуу максатында өткөрүлүп жатат
Кант шаарында жайгашкан "Рублевка" мончосунун ээсине тыюу салынган буюмдарды (резина, пластмасса, тигүү калдыктары ж.б.) өрттөбөө тууралуу билдирүү тапшырылып, газга өтүү сунушталды. Эскерте кетсек, бул тыюу салынган заттар өрттөлсө 7,5 миң сомдон 23 миң сомго чейин айып салынат.