Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
12-декабрь 2023, 17:12

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору абанын экологиялык жакшыртуу жана ыш менен күрөшүү боюнча иш чараларды Панфилов районунун ички иштер башкы башкармалыгынын жөл көзөмөлдөө кызматы менен биргеликте рейд Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын “Абанын экологиялык абалын жакшыртуу жана ыш менен күрөшүү” буйругунун негизинде жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө оор жүк ташуучу, микроавтобус, женил унаалар түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибордун жардамы менен текшерилип, профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Башкармалык айдоочуларды абанын абалын жакшыртуу жана санкцияларды болтурбоо үчүн чыккан газдагы зыяндуу заттар нормадан ашкан транспорт каражаттарын айдабоого чакырат жана эгерде транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттары нормадан ашкан болсо, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 234-беренесине ылайык жеке жактарга 7500сом, ал эми юридикалык жактарга 23000сом айып салынаарын белгилейт.