Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспекторлору А.Кулжанов, С. Болжиев, Москва райондук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылын жөнгө салуу кызматы менен биргеликте рейд өткөрүштү. Рейддин жүрүшүндө автомобилдердин булгоочу заттардын түтүнүн жана концентрациясын аныктоого мүмкүндүк берүүчү прибордун жардамы менен кичи автобустар, оор жүк ташуучу, жеңил унаалар текшерилди. Профилактикалык инструктаждар өткөрүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгы транспорт каражаттары тарабынан атмосферага булгоочу заттарды чыгаруунун нормасы ашып кетсе, КР кодексинин 234-беренесине ылайык жеке жактарга 7500 сом, ал эми юридикалык жактарга 23000 сом айып салынат деп билдирет.

Башкармалык айдоочуларды абанын абалын жакшыртуу жана санкцияларды болтурбоо үчүн чыккан газдагы зыяндуу заттар нормадан  ашкан транспорт каражаттарын айдабоого чакырат.