Экологиялык коопсуздукту сактоо жана контролдоо максатында Талас регионалдык башкармалыгынын ишмердиги

Талас өрөөнү
Экологиялык коопсуздукту сактоо жана контролдоо максатында Талас регионалдык башкармалыгынын ишмердиги

Бакай-Ата районун Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн орто мектебинин айланасында өсүп турган 29даана мырза теректерди Бактияр Орозов мыйзамсыз кыйгандыгы боюнча, материалдар Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө тергөөгө жөнөтүлүп жыйынтыгында кылмыш ишин козгоду. Бүгүнкү күндө соттун чечими чыгып жаратылышка келтирилген 45395сом зыян өлчөмү Б.Орозов тарабынан толук төлөндү. Андан тышкаары мамлекет пайдасына төлөө үчүн сот тарабынан Б.Орозовго 50000сом айып салынды. Ошондой эле, Айтматов районун Бакыян айылынын тургуну Чолпонбаев Марсел      жер ресурстарына зыян келтирип, Талас дарыясын жэээгинен эксковатор менен камаздарга мыйзамсыз кум жүктөп жатканы аныкталып, жеринде КРнын УБ кодексинин 239-беренеси менен протокол түзүлүп 3000сом айып салынды. Андан ары мыйзам бузууларды болдурбоо максатында түшундүрүү иштери жүргүзүлдү.  Мындан тышкары, Бакай-Ата районун Бакай-Ата айыл аймагындагы талаадан Уланбек Джумашалиев эксковатор менен кум, шагыл казып мыйзам бузганы аныкталып, КРнын УБ кодексинин 239-беренеси менен протокол түзүлүп 3000сом айып салынды.