Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспектору – Орунтаев М. 2023-жылдын 14-ноябрь күнү, Красная-Речка айыл өкмөтүнүн турак жай коммуналдык чарба инспектору Жанузаков Б.М. менен биргеликте Красная-Речка айылындагы Ворошилов көчөсүндөгү №28 үйдүн түндүк жана батыш тарабындагы 33 (отуз үч) даана бакты  мыйзамсыз кыюу фактысы  аныкталган. Бардык чогултулган материалдар Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн.  Өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген жалпы зыян 267289с,57 т. (эки жүз алтымыш жети миң эки жүз сексен тогуз сом 57 т.) түздү.