Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Ош өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан, Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №324 б/2 дарегинде жайгашкан "Царский Двор" кафесинин имаратынын алдындагы "Бака терек" дарагынын жерден 2 метр бийиктиктен эч кандай уруксаты жок, Мыйзамсыз түрдө кыйып , өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирилгендиги аныкталып, "Царский Двор" кафесине 37639 сом 32 тыйын ѳлчѳмүндѳ доо койулуп, чара көрүү үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 09.01.2024-ж №16-9/9 сандуу каты менен материалдар даярдалып өткөрүлдү.

Буга чейин, Сулайман-Тоо МАБтын комиссиялык актысынын жана КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгына кайрылган катынын негизинде экологдор жеринде карап чыгып, 15 даана дарактардын кооптуу бутактарына бутоо иштери үчүн макулдук берген.