Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана кара түтүн  менен күрөшүү боюнча чечимдерди кечиктирилгис чараларды ыкчам кабыл алуу максатында, Чүй облусунда жайгашкан 8 мончо текшерилген. Алар;

Чүй районундагы

  1. Чүй айылындагы Заводская көчөсүндө жайгашкан мончо
  2. Чүй айылындагы Карл Маркс көчөсүндөгү “Фита Бочка” мончосу

Ысык-Ата району 

  1. Красная-Речка айлындагы Октябрь көчөсү № 54  “Жыргал” мончосу

Москва району 

  1. Беловодск айылындагы Октябр 108 дарегинде жайгашкан мончо
  2. Беловодск айылындагы Ломоносов  40 дарегинде жайгашкан мончо
  3. Беловодск айылындагы Ленин 83   дарегинде жайгашкан ”Сонун”   мончосу
  4. Ак-Суу айлындагы Вокзальная 15 дарегинде жайгашкан “777” атуу мончо

      Жайыл, Кара-Балта району 

  1. Кара-Балта шаарындагы Гогол көчөсүндөгү мончо

Бардык 8 мончого көмүр жагылаары тастыкталды. Өрттөөгө тыюу салынган булактар, эреже бузуулар табылган жок.