Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
10-ноябрь 2023, 16:59

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору абанын экологиялык абалын жакшыртуу жана ыш менен күрөшүү боюнча иш чараларды Сокулук районунун ички иштер башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө кызматы менен биргеликте рейд жүргүзүлдү. Рейдтин жүрүшүндө оор жүк ташуучу, микроавтобус, женил унаалар түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибордун жардамы менен текшерилип, профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы эгерде транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттары нормадан ашкан болсо, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 234-беренесине ылайык жеке жактарга 7500сом, ал эми юридикалык жактарга 23000сом айып салынаарын белгилейт.