Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
27-декабрь 2023, 14:04

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгы жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде суудан чыккан ачуу түтүнгө карата чараларды көрүү боюнча. Бишкек шаарынын 7-апрель 7-а/б кѳчѳсүндѳ ишкананын отканасы жайгашкан ,Эл аралык илим жана бизнес университетинин аймагында 20-декабрдан 22-декабрга чейин Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашылган бул ишкананын экологиялык нормаларга ылайык келүүсү боюнча пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын отканасы катуу отун менен иштеп жаткандыгы, чаң жана газ чогултуучу аппарат жок, ошондой эле тиешелүү уруксат документтери жок экендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен текшерүү актысы түзүлүп, укук бузуу фактысы боюнча протокол түзүлүп, КР Кылмыш-жаза кодексинин 230-беренесине ылайык 280 эсептик көрсөткүч (28 000 сом) өлчөмүндө административдик айып салынган. Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» токтомуна ылайык, текшерүү актында көрсөтүлгөн тартип бузуулар жоюлганга чейин ишкананын ишин токтото туруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү эскертүү берилген.