Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы экологиялык абалды жакшыртуу жана кара түтүн менен күрөшүү боюнча ыкчам чечимдерди жана кечиктирилгис чараларды кабыл алуу максатында жана Экологиялык техникалык көзөмөлдөө кызматынын буйругунун негизинде 2023-жылдын 29-ноябрында Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыктын инспекторлору жеке менчик мончо, сауналардын таштандыларын өрттөө боюнча рейд жүргүзүштү. Рейддик иш-чарада 6 мончо Ленин районуна караштуу тыюу салынган заттарды өрттөө предметине карата текшерилди. Текшерилген объектилерде мончолорду жылытуу үчүн көмүр колдонулат, эреже бузуулар табылган жок. Андан сырткары өз алдынча таштандыга таштабастан, желимдерди кайра иштетүүчү чарба субъектерине келишим менен өткөрүү боюнча жана жарандардан резина, пластмасса, тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын жана башка тыюу салынган буюмдарды өрттөөгө, мончолордо, сауналарда жана жеке менчик үйлөрдө калдыктарды өрттөөгө жол бербөө максатында эскетмелер берилип, билдирүү таратылды. 

Белгилей кетсек, өндүрүш калдыктарын,резина,пластмасса,тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын жана башка буюмдарды белгиленбеген жерлерде өрттөө Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан укук бузуулар жөнүндө Кодекстин 115-беренесине ылайык айып салууга алып келет.