Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору Аламүдүн районунун Ала-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Рассвет айылындагы Дружба көчөсүндөгү 4/4  дарегинде  бир теректи мыйзамсыз кыюу фактысын аныктады.  Бак-даракты уруксатсыз кыюу фактысы боюнча акт түзүлүп, ѳсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяндын суммасы 46286,22 сомду түздү. Учурда инспекторлор акт түзүп, укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүштү.