Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердиги

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча региондук башкармалыгы Дордой базарына Свердлов райондук ИИБ, ӨКМ алдындагы Өрт коопсуздугу кызматынын, Свердлов райондук администрациясынын өкүлдөрү жана Дордой базарынын өрт коопсуздугу үчүн жооптуу адам менен пиротехникалык буюмдарды сатуу эрежелерин сактоо: сактоо шарттары жана продукциянын сапатын жана коопсуздугун тастыктаган шайкештик сертификаттары боюнча комиссиялык рейд жүргүзүлдү.

Дордой базарында Кожевенная көчөсүнүн комиссиялык рейддин чыгуусунда пиротехникалык буюмдарды сатуу боюнча 2 уруксатсыз жер аныкталып, пиротехникалык буюмдарды сатуу эрежелерин сактоо жөнүндө билдирүү тапшырылып, дароо демонтаждалды.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги пиротехникалык буюмдарды өрткө каршы талаптарга жооп берген соода объекттеринде сатууга уруксат берилгендигин маалымдайт. Бишкек шаарынын тургундарына пиротехниканы колдонууда коопсуздукту сактоо эскертилет жана аны керектүү шайкештик сертификаты бар адистештирилген жерлерден гана сатып алуу сунушталат.

Фейерверктер суунун жана абанын булганышын күчөтөт, анткени курамындагы химиялык заттар парник газдарын жаратат жана суу жашоосуна зыян келтириши мүмкүн. Фейерверктен чыккан түтүн сыяктуу бөлүкчөлөр абанын булганышына жана абанын сапатынын начарлашына алып келет.