Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
09-июль 2024, 09:54

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" аткарылышы боюнча Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгынын негизинде Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында жайгашкан "Улан" балдар ден-соолукту чыңдоочуилагерине КР ЖРЭТКМне караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан пландан тышкары текшерүү жүргүзүлүп, тазалоочу курулмасы иштебей тургандыгы аныкталды. "Улан" балдар ден-соолукту чыңдоочу лагери тазалоочу курулмасы реконструкцияланып, эффективдүү ишке берилгенге чейин ишмердүүлүгү токтотулду жана 17000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.