Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
27-декабрь 2023, 09:11

Экотехкѳзѳмѳл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан, Экологиялык жана техникалык кѳзѳмѳл кызматынын, 2023-жылдын 05-декабрындагы №150-ОД сандуу буйругуна негиз, атайын буйрук чыгарылып, Жалал-Абад областынын бардык район/шаарларынын аймактары боюнча 5 (беш) ыкчам топ түзүлүп, жапайы жаныбарларга аң уулоо, балык торлорун кармоого каршы күрѳшүү жана ѳсүмдүктѳр дүйнѳсүнѳ зыян келтирүүлѳрдү алдын алуу боюнча, 2023-жылдын 20-22 декабрь күндѳрү күчѳтүлгѳн тартипте иш-чаралар (рейдтер) жүргүзүлүп, тѳмѳндѳгү мыйзам бузуу фактылары аныкталды.
Токтогул суу сактагычында, Токтогул районунун балык чарба департаменти менен биргеликте ыкчам рейд жүргүзүлүп, натыйжада Токтогул суу сактагычтын үстүндө жайылган ар-кандай диаметрдеги синтетикалык торлор чогултулуп суунун жээгинде жараксыз абалга келтирилди, жалпы чогултулган торлордун узундугу болжол менен 2000 метрди түздү. Торлорду чогулткан учурда балык чыккан жок.
Токтогул токой чарбасынын Кара-Көл токой бөлүмүндө, ыкчам рейд жүргүзүү учурунда, Аксы районун Ак-Жол айылынын тургуну мыйзасыз аң улап жүргөн жеринен кармалып, жанынан 4 даана атылган кекилик чыкты, жеринде мыйзамсыз аң уулап жүргөндүгү үчүн укук бузуу жѳнүндѳ протокол түзүлүп, КРнын “Бузуулар кодексинин” 263 беренсинин негизинде, 12500 сом айып салынып, анын жанынан чыккан 4 даана кекилик үчүн КР Өкмөтүнүн 15.05.2013-жылдагы №224 сандуу токтомунун таксасынын негизиде 8000 сом доо эсетелип коюулду. Ыкчам иш-чараларды (рейдтер) жүргүзүү уланууда.